Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баткен облусуБаткен району 11.06.2019 12:03

ОГПИнин студенти — жаш калемгер Исамидин уулу Бектуралинин 2 китеби жарык көрдү (сүрөт)

Исамидин уулу Бектурали
Исамидин уулу Бектурали

Turmush -  9-июнь күнү Баткен районуна караштуу Сай айылында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 4-курсунун студенти Исамидин уулу Бектуралинин «Ташмылтык» жана «Төрт дөңгөлөк болгондо» аттуу китептеринин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу ОГПИнин басма сөз кызматы билдирди.

Чыгармачылык кече айылдагы мектептин аянтында өтүп, ага ОГПИнин ректору — профессор Бекмурза Зулуев, жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары, мугалимдер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

Салтанатта алгач Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Исамидин уулу Бектуралинин окуу жайдагы ийгиликтери, эмгектери, жетишкендиктери жана жеке адамдык сапаттарына токтолду. Ошондой эле Бектуралинин чыгармачылыгы тууралуу айтып, жаш калемгердин жазган чыгармалары кыргыз айылынын чыныгы турмушун чагылдырганын билдирди. Ректор Б.Зулуев жаш калемгердин ата-энесине жана билим берген мектеп жамаатына ОГПИнин ыраазычылык катын жана белектерин тапшырды.

Салтанат Исамидин уулу Бектуралинин чыгармаларынын негизинде даярдалган сахналаштырылган программа менен коштолуп, ОГПИнин «Жаратман» чыгармачылык борборунун студенттери конокторго ыр, бий жана тамаша тартуулашты.

Иш-чаранын соңунда жаш калемгер ата-энеси менен бирге айылдаштарына, колдоп келген конокторго, досторуна ыраазычылык билдирип, Сай айылындагы көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуп жаткан тургундарга өзүнүн атынан «Тирек» аттуу алкыш баракчасын жана белектерин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×