Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баткен облусуБаткен району 11.06.2019 19:20

Баткен районундагы Сох—Кан—Зардалы унаа жолуна түшкөн шагылдар тазаланды

Turmush -  Бүгүн, 11-июнда эртең менен Баткен районундагы Сох—Кан—Зардалы унаа жолунун 29-42-чакырымдарында 5-6 жердеги жылгалардан кум, шагыл аралашкан таштар түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шагылдар жолду жаап, анын жогору жагындагы 5 айылдын жашоочулары үчүн каттам токтогон. Баткен райондук жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жол толугу менен тазаланып, саат 17:00 чамасында каттам ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×