Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.06.2019 08:44 На русском

Бишкек—Ош жолунда 2 унаа кагышты (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 11-июнь күнү Бишкек—Ош жолунда 2 унаа сүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуя унаа жолдун 391-километринде, тактап айтканда Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын аймагында түнкү саат 02:30 чамасында катталган. Кара-Суу районунун Мады айылынын 1982-жылы туулган тургуну М.М. өзүнүн «Хонда Элизион» унаасын башкара албай, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен «Мерседес Бенц Спринтер» жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. «Мерседес Бенц Спринтер» унаасын Лейлек районунун Интернационал айылынын 1992-жылы туулган тургуну А.у.Т. башкарып бараткан. Жол кырсыктан эки унаа тең материалдык зыянга учураган.

Учурда жергиликтүү ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×