Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.06.2019 09:28 Жаңыланды: 12.06.2019 14:13

Чиновник Б.Байгазаков кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль утту

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Байгазаков кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп, ага 37 өлкөнүн спортчулары катышкан. Анда ардагерлер арасындагы мелдеште Бакыт Байгазаков 3-орунду ээледи.

Б.Байгазаковдун айтымында, ал Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2 жылдан бери иштейт. Мурун укук коргоо органдарында эмгектенген. Спорт менен көп жылдан бери машыгып, машыктыруучу болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×