Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.06.2019 10:55

Эс алууга акысыз жолдомолор тааныш-билиш менен берилбеши керек, - Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы

Turmush -  Кара-Көл шаардык мэриясынын коллегиясы өтүп, анда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, 4-июнда өткөн иш-чарага мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Коллегияда ШИИБдин башчысы Н.Иманбеков жана вице-мэр Г.Сатарова маалымат беришти.

«Жыл сайын мэрия балдар үчүн 4 топ менен 10 күндүк эс алууну «Кайыңды» лагеринде уюштуруп келет. Жолдомонун наркы 4300 сом. Ата-энелердин үлүшү 1000 сом, калганы жолдомо сатып алган мекеменин администрациясы жана профсоюздук уюму тарабынан төлөнөт. Жергиликтүү бюджеттен каттоодо турган 130 балага жолдомо үчүн каражат бөлүндү. Ал эми аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары менен бюджеттик мекемеде иштегендердин балдары комиссиялык негизде жеңилдетилген баада алышат. Былтыр «Кайыңды» эс алуу лагеринде 623 бала эс алган», - деди вице-мэр Г.Сатарова.

Ал эми эс алуу лагерине жергиликтүү бюджет тарабынан каралган акысыз жолдомолор максаттуу пайдаланылсын деген пикирин шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев айтты.

«Жергиликтүү бюджеттен каралган акысыз жолдомолорду шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы муктаж адамдардын балдарына, каттоодо турган балдарга бериши керек. Тааныш, билиш, үстөмдүк болбошу зарыл. Мындан сырткары ӨКМдин шаардык бөлүмү сууга түшүүнүн эрежелери жана кооптуу жерлер боюнча балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек», - деди Б.Кыргызалиев.

Коллегияда ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча айтылды.

«Былтыр өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган 13 өспүрүм быйылкы жылы катталды. Төрт ай ичинде 3 өспүрүм каттоого алынып, жалпы 16 жаш өспүрүм каттоодо турат. Балдардын үйлөрүнө барып, ата-энелери, кошуналары менен сүйлөштүк. Мектептерде социалдык мугалимдер менен алардын жүрүм-туруму тууралуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Учурда шаарда ички мигранттардын балдары - 32, тышкы мигранттардыкы - 149. Социалдык коргоо башкармалыгында каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 172 бала бар. Камкордукка алынган 62, тоголок жетим 35, кароосуз калган 17 жана көзөмөлсүз калган 10 бала каттоодо турат. Быйыл өспүрүмдөр арасында 3 кылмыш катталды. Былтыр өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыюу боюнча бир факт катталган. Төрт айдын ичинде ар түрдүү рейддер өткөрүлүп, 17 өспүрүм ШИИБге алынып келинип, ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», - деди ШИИБдин башчысы.

Коллегиянын жыйынтыгында талкууланган эки маселе боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×