Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусуСокулук району 12.06.2019 12:38

Чүйдө футбол боюнча өткөрүлгөн облустук турнирде Сокулук району 1-орунду алды

Turmush -  Чүй облусунда «Дени сак улут — өнүккөн өлкө» деген ураан алдындагы республикалык мелдештин тандоо туру өткөрүлүп жатат.

Биринчи эле футбол боюнча мелдеш өтүп, ага облустагы 8 райондон чыккан 8 команда катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында Сокулук району 1-орунду камсыздады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек кызы Жаркынай билдирди.

«Футбол мелдеши биздин райондо өткөрүлдү. Жеңүүчү аталган Сокулук районунун командасы эми республикалык мелдешке Чүй облусунун атынан Ысык-Көл облусуна барышат. Негизи бир айыл аймактын спортчуларын гана тандап алуу тууралуу айтылган. Буга чейин бул команда акимдин кубогун эки жолу жеңип алышкан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×