Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусу, Нарын 12.06.2019 12:53 На русском

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда

Turmush -  Нарын шаарындагы муниципалдык менчик жерде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, ишкана тарабынан Нарын шаарында муниципалдык менчик жерде турган гараж, сарай, дүкөн, павильон, тосмолор жана ушул сыяктуу курулуштар алынууда. Ошондой эле ишкана көп кабаттуу үйлөрдүн алдында муниципалдык жерде жайгашкан гараж, сарайларды текшерүү иштерин улантып жатат.

Буга чейин аталган ишкана тарабынан шаардагы мыйзамсыз соода күркөлөрү алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×