Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 12.06.2019 15:57 На русском

Оштогу мыйзамсыз курулуштар: Соттун чечимин аткарбаган прорабга 50 миң сом айып салынган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр боюнча 9 факты аныкталган. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда 2018-жылы мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр боюнча 3 кылмыш иши жана ушул жылдын 25-майына чейин 9 кылмыш иши козголуп, аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Алардын алкагында Ош шаардык сотуна курулуш иштерин токтотуу жана жер тилкелерин алгачкы калыбына келтирүү жөнүндө жалпы 9 доо арыздар келтирилген. Тактап айтканда, Ош шаардык экотехинспекциясы 5 доо арыз менен кайрылса, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан 4 доо арыз келтирилген жана анын үчөө канааттандырылып, курулуш иштери токтотулган. Ал эми калган доо арыздар каралып жатат. Сот тарабынан Ош шаардык экотехинспекциясы тарабынан келтирилген 5 доо арыздын экөөсү канааттандырылган.

Ош шаарындагы «В.Г.» ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй боюнча шаардык прокуратура тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 331-беренесинин (Шалаакылык) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган. Материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Ошондой эле шаардык прокуратура Ош райондор аралык сотуна аталган компания куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушун токтотуу, курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү өз эсебинен буздуруу жөнүндө доо арыз келтирилген. Райондор аралык сот доо арыздын курулушту токтотуу жөнүндө бөлүгүн канааттандырган. Бирок «В.Г.» ЖЧКсы соттун чечимин аткарбай койгондуктан, Жоруктар жөнүндө кодекстин 167-беренесинин (Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, материалдар 25-апрель күнү Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

21-май күнү Ош шаардык соту «В.Г.» компаниясынын өкүлү Х.Т.ны Жоруктар жөнүндө кодекстин 167-беренеси менен күнөөл\ү деп таап, 500 эсептик көрсөткүчтөгү (50 000 сом) айып пул салган.

Turmush басылмасына сөз болуп жаткан курулуш компаниясы «Визион Групп» экендиги, ал эми айып пул салынган өкүлү — компаниянын 1961-жылы туулган прорабы Х.Т. экени белгилүү болду.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү бузууга 1 ай убакыт берилгенин жазган.

13 кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясы курулушту өздөрү бузмай болушкан. Себеби аталган үй курулуп жаткан аймакта тектоникалык жарака бар экени айтылган.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматына караганда, курулуш компанияга аталган жерде үй курууга уруксат берилген эмес. Буга чейин Мамэкотехинспециянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы жана мэрия тарабынан дагы бир нече ирет курулушту бузуу боюнча эскертүү берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×