Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 13.06.2019 08:58 На русском

Жумгалдын Көк-Ой айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарына мандат тапшырылды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 19-майында жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттар мандат алышты.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 11 орунга 35 талапкер ат салышкан.

Шайланган депутаттардын тизмеси:

1. Абдил уулу Тыныбек;

2.​ Моңошов Зарылбек;

3.​ Кемелов Нурлан;

4.​ Жакыпов Жеңишбек;

5.​ Кадиева Венера;

6. Кыйбатбек уулу Эркинбек;

7. Сапарбеков Атайбек;

8. Салидин уулу Дастан;

9.​ Асанбеков Бекжан;

10. Чынарбек уулу Азамат;

11. Жолдошов Нурлан.

Көк-Ой айыл өкмөтү боюнча жалпы​ 1825 шайлоочу бар. Эмел участкасында 169, ал эми Арал участкасында 209 шайлоочу катталган.

Мурдагы президенттин жарлыгы менен 2014-жылдын 7-мартында Көк-Ой айылдык кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркап, кайрадан шайлоо 2014-жылдын 20-апрелине белгиленген. Шайланган депутаттар 2014-жылдын 2-июнунда айыл өкмөт башчысын шайлай албай,​ ушул эле жылы 1-августта таркаган. Кайрадан шайлоо 14-сентябрга дайындалган. Анда 11 депутат шайланган.

Андан соң 10-ноябрга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо белгиленген. Шайланган депутаттар анда да айыл өкмөт башчысын шайлай албай, президент тарабынан 2015-жылдын 1-апрелинде кайрадан тараган. 2015-жылы 17-майга айылдык кеңешке шайлоо дайындалып, анда шайланган депутаттар мөөнөтү бүткөнгө чейин иштешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×