Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 15.06.2019 16:01

Өзбекстанда «Сулайман-Тоо бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси» көргөзмөсү ачылды

Turmush -  Кечээ, 14-июнда Өзбекстандын Андижан облусунда «Сулайман-Тоо бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси» көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара Андижан облусунун мамлекеттик тарыхый музейинде өттү. Аталган көргөзмө бул музейде август айына чейин болот. Андан ары Фергана облусундагы Маргалаң мамлекеттик тарыхый музейинде уланат. Ал үчүн 14-июнь күнү Фергана облустук тарыхый музейинин жетекчиси менен «Сулайман-Тоо» музей комплексинин жетекчиси Султанбек Абдырахманов атайын меморандумга кол коюшту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×