Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Баткен облусуКадамжай району 18.06.2019 12:49

А.Имаров Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Turmush -  Имаров Алгынбай Төралиевич бүгүн, 18-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, аны активдерге облус жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов тааныштырды. Ал жаңы акимдин бул кызматка дайындалышы боюнча өкмөттүн тиешелүү буйругун окуп берди. А.Имаров райондун экономикасын көтөрүүгө, жумуш орундарды түзүүгө аракеттерди көрө тургандыгын айтты.

Райондун буга чейинки жетекчиси Жаныбек Исаков 7-июнда кызматтан кеткен болчу.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×