Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуКара-Суу району 19.06.2019 17:53 На русском

Ошто 2 акимдин орун басарлары башка кызматка которулду

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунун акимдеринин орун басарлары алмашты. Бул маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы тастыктады.

«Кара-Суу районунун акиминин орун басары Нурлан Абдраев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономика, регионду өнүктүрүү бөлүмүн жетектейт. Анын ордун "Жаңы-Арык" тамеки заводунун жетекчиси Капарбек Адиев ээледи.

Ал эми Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Канболот Тутуев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн уюштуруу, инспектордук көзөмөлдөө бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды. Анын ордуна учурда эч ким дайындала элек»,- деди Нуркыз Кадырбек кызы.

мурдагы орун басар

Кара-Суу районунун акиминин жаңы дайындалган орун басары

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×