Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 20.06.2019 09:20 Жаңыланды: 29.07.2019 17:20

Айыл турмушу: Таластык Н.Кутманалиева 2 жылдан бери коңшу айылдагы бала бакчага каттап иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылынын 38 жаштагы тургуну Надира Кутманалиева 2 жылдан бери коңшу айылдагы бала бакчага каттап иштеп жатат. Аймактык кабарчы тарбиячы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таластын Жоон-Арык айылында төрөлгөн. Кийин Кырк-Казыкка келин болуп келген.

«2003-жылы Талас мамлекеттик университетинен англис тили боюнча мугалимдик кесипке ээ болгом. Англис тилчи мугалим болуп Кырк-Казык айылындагы мектепте 2 жыл иштеп, декретке чыккам. Кийин Кырк-Казык айылындагы бала бакчада 1 жыл иштеп, диплом туура келбей жумуштан чыккам. Андан кийин атайын окуп, сертификат алып, 2 жылдан бери Жоон-Арык айылына каттап иштеп жатам. Кичинекей балдар менен иштешем деп бала бакчанын жашоосуна келгем. Келген жылы эле орто тайпаны алып, аларды бүтүрдүм. Азыр эми кенже тайпа менен иштешип жатам. Баары 2 жаштагы мотурайган балдар. Бирде апа, бирде эже деп адаша беришет (күлүп). Кичинекей болгондуктан толук сүйлөй алышпайт. Учурда тайпада 22 бала бар. Булар периштедей болушат. Балдар менен жүргөндө көйгөй дегенди унутасың (күлүп).

Балдар үйүндө болгон окуяны айта беришет. Жогорку тайпада бүтүп кеткен бир балам келер замат үйүндө болгон окуяларды айта берчү. Балдарды каттап, пландарымды карап, анчалык маани бербей отургам. Бир убакта артынан чоң апасы кирип келип, «ай, бул барын айтып берет турбайбы» деп калган. Мен өзүм сурап жаткандай болуп уялып калгам. «Бала айта берет, менде купуя сыр бойдон калат» деп айтам. Себеби бала сүйлөп жатканда токтотконго укугубуз жок. Токтотсок ошол бойдон кысынып, тартынып калат. Баланы сүйлөтүшүбүз керек. Азыркы ыкма боюнча балага жок деген нерсе болбош керек. «Жок, токтот» дебестен өздөрүнө тиешелүү ишке, сөзгө, коомго аралаштыруу зарыл.

Бала бакчанын ичи өзү кызыктуу. Убактымдын өткөнүн байкабай калам. Балдар мени менен 10 саат жүрөт. Баары менен жакынмын. Бала бакчадагы балдарда өсүү темпи байкалат. Мисалы, өзүмдүн 2 балам бакчага барышы керек эле. Бирок бирөөсү барбай койгон. Азыр экөөндө айырма чоң. Үйдөн дагы көптү үйрөткөнгө аракет кылам. Балдардын баары эле тегиз ата-энелик мээрим алган эмес. Сүйлөбөгөн балдар бар. Аларды өз оюн айтууга акырындан үйрөтүүгө аракет кылабыз.

Көптөр балдарын бала бакчага киргизип койсок ойноп жүрүп, үйгө барып калышат деп ойлошот. Андай эмес. Ар бир тайпадагы балдардын курагына жараша план түзүлөт. Ошонун негизинде жаңы ыкмалар менен сабак өтүп турабыз. Кенже тайпадагы бала үчкө чейин санаганды, 3-4 өңдү билип калышы керек. Бүтүп жаткан тайпадагы бала 10го чейин, кайра 10дон артка карай санаганды билип калышат. Сабактар көбүнчө практика түрүндө болот. Жаштайынан жаратылышты сүйүп, аяр мамиле жасоого үйрөтөбүз.

Балдар менен эсимде калган учурлар болуп турат. Кенже тайпадан 2 байпагын бир бутуна кийип алып чуу салып, бизди издеткен кыздар көп болот (күлүп). Мен жогорку тайпада иштеп жүргөндө өзүмдүн балам кенже тайпага барчу. Бир күнү баламды алып кетейин деп таппайм. Башыма ар кандай ойлор келип кетти. Көрсө балама башка кийимди адашып кийгизип, отургузуп коюшуптур (күлүп). Азыр бала эртең менен кандай кийинип келгенин көз жүгүртүп жаттап алабыз. Кичинекей балдар кандай кийим менен келгенин билишпейт, жумуш жоопкерчиликтүү. Ай сайын балдарга ачык сабактарды өтүп турабыз. Семинарлар болуп, тажрыйба алмашып турабыз.

Быйыл орозо кармап, түшкө маал балдарды уктатып жаткам. Балдар уктабай ызы-чуу болуп жатышкан. Бир маалда бир балам мага «эжеке, орозоңуз кабыл болсун» деди. Кайра балдарды карап, «балдар-кыздар, уктайлы, эжекени чарчатпайлы» десе кудай жалгап балдар тынчып уктап калышты. Ошол кичинекей баланын сөзү менин көзүмдөн жаш айлантты. Мындай жүрөк эзген учурларды такыр унутпайм», - деди ал.

Надира айым 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×