Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуТалас району 20.06.2019 10:52 На русском

Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 42 жаштагы тургуну Айзада Эркалиева «төрөбө, багуу оңой эмес» дегендерге карабай 8 баланы тарбиялап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Балдарым бакытым

Таластын Кырк-Казык айылында төрөлгөм. 20 жашымда Козучакка келин болуп келгем. 8 баланын апасымын, эң кичүүсү 2 жашта. Азыр тили чыгып, бал сөздөр менен сүйлөп, бизди кубандырып жүрөт. Балдарымдын аралыктары 2-3 жаш. Биринин кийимин бири кийип чоңоюп калышты. Кичинемде көп балалуу болууну самачумун. Көп түкүрсө көл болот демекчи, балдар көп болсо көп жумуш бүтөт экен. Бул жашоо балдар менен кызыктуу. Бакканда кыйынчылыгы болот, бирок ошонун баарын балдар менен жүрүп унутуп деле коём. Өзгөчө кичине кезинде бирине кийим кийгизсем, экинчиси жөрмөлөп чыгып, сууга ойноп кетип убаракерчилик тартчумун. Ошол убакта кыйкырып ачууланбастан, сабырдуулук менен бактым.

Төрөбөй эле кой дегендер да болгон

Жакындардан «төрөбөй эле койчу, багуу оңой болбойт» деп айткандар көп болгон. Бирок ден соолугу чың болушса менин келечегим, тирегим болот деп төрөдүм. Азыр улуулары колумдагы жумушумду алып бүтүрүп коёт (күлүп). Ар биринин мүнөзү ар кандай. Тынчы жогу бар, оор басырыктуусу бар. Байкап турсам, ар биринин таланттары чоң. Ошол таланттарына бут тоспой колдосок, келечекте мыкты дизайнер, мугалим, ырчы чыгат деп ишенем.

Эң кичинекейим төрөлгөндө кыз болот деп күткөнбүз. Атайлап УЗИден ким болорун сурачу эмесмин. Эркек төрөлгөндө кызым «эркек төрөп коюптур» деп аябай таарынса күлгөн элек. Жолдошум, балдарым гүл көтөрүп алып чыгарып келишкен. Ага чейинкилерди тынч эле чыгарып кетчүбүз (күлүп).

Балдарыбыз үчүн жан аябай иштейбиз

Жолдошум төрөтканага барганда балдары көп экен деп таң калгандар болгон. Ошондой таң калуу сөздөрүн алгач укканда чындыгында кысынгам. Кийинчерээк көнүп калдым. Ошондон бери сөзгө, уятка калбайлы деп тырышып жер менен иштеп, мал карап, балдарыбызды элдин балдарынан кем кылбаганга аракет кылып келебиз. Өзүбүз ак жака кийип, бир кесиптин ээси болбой калдык. Эми балдарыбыз билимге, бир адистикке ээ болсун деп, бар күчүбүздү жумшап окутуп келебиз. Улуу кызым Таластагы №90 кесиптик лицейдин тигүүчүлүк жагын бүтүп, тигүү цехинде иштеп жатат. Балам 9-классты бүтүп, ошол эле лицейде ширетүү жагын окуп жатат. Андан кийинки төртөө мектепте окушат.

Келечекте бир кесиптин ээси болуп, жашоосун улап кетишсе экен деп тилеп отурабыз. Жолдошум дыйканчылык жана мал чарба менен алектенет. Өзүбүзгө тиешелүү 45 сотых жерибиз бар. Ошону иштетебиз. 6 балама жөлөк пул алам, бирок жетпейт. Жетпейт деп нааразычылык билдирип отура бербейбиз, балдар биздики, ошондуктан жан аябай эмгек кылабыз.

«Баатыр эне» сыйлыгын үйгө алып келип беришкен

Үйдөн төрөп калган күндөрүм болгон. Экинчи баламда төрөтканага барсам, убактысы келе элек деп үйгө жөнөтүп койгон. Үйгө келгенде түндө төрөп, айылдагы ФАПтан медайымдар жардамга келишкен. Балдардын төрөлүшү жашоомдогу ийгилигим деп билем. Ар бири үчүн алдыга умтулам. Бардык ишти балдар үчүн деп жасайм. Ар бир күнүм бат өтөт. Балдар мектепке кетип калганда үй аңырап калат. Мага андай жакпайт экен (күлүп).

«Баатыр эне» сыйлыгын 2017-жылы айыл өкмөт башчы үйгө алып келип берген. Документтерди бергенден кийин бул күнү алып барабыз деп айтышкан эмес. Үйдө отурсам эле кирип келип тапшырган. Ошондо аябай сүйүнгөм, жылуу мамилени эч убакта унутпайт экенсиң. Өзүм 3 кыз жана 1 уулдун улуусумун. Бир туугандардын ичинен мен «Баатыр эне» сыйлыгын алдым (күлүп).

Сөзүнө турбай таарынткан курбу

Бир күнү чет жактан курбум келди деп уктум. Телефон менен кабарлашып, эртеси келе турган болгон. Мен балдарым менен бака-шака болуп үйдүн ичинде даярданып жүрсөм курбум үйгө келген экен. Кире бериштен толуп турган бут кийимдерди көрүп, үйүндө конок бар экен, башка күнү келейин деп кетип калыптыр. Мен ал күнү күтүп отуруп кеч болду. Даяр болгон дасторкондогу тамак-ашты балдар менен отуруп жеп-ичтик. Айткан сөзүн аткарган жок деп аябай капа болуп калгам. Кийин курбум аны айтса аябай күлгөм. Көрсө ал 3-4 баласы бар деп башкасынан кабары жок жүргөн экен (күлүп). «Ал балдарымдын гана бут кийимдери болчу» деп күлүп, таарынычым жазылган.

Жолдошум камкор ата

Жолдошум Максат Шейренов менен 22 жылдан бери биргебиз. Экөөбүз ата-энелерибиздин кудалашуусу менен бир көрүшүп баш кошконбуз. Жолдошум балдарды жакшы карайт, балага жакын. Мен жокто тамак-ашынан бери бышырып берип, уйду дагы саап коёт. Бала ыйлап жатса көтөрүп кол кабыш кылат. Жолдошум түшүнүктүү, ошондуктан көп нерсени бирге жеңип кетебиз. Максат 11 бир тууган. Балдарга көп бир тууган болгондун канчалык жакшы экенин айтып турат. «Ынтымактуу болгула, жаман сөз айтып урушпагыла» деп кеңешин аябайт.

Учурда башка бирөөнүн үйүндө турабыз. Бирок өз колубуз менен там салып жатабыз. Буйруса жакында үйүбүздү куруп бүтүп киребиз. Ал үйгө жолдошумдун бир туугандары жардам берип жатышат.

Айзада айымдын уул-кыздары:

- Рахманжанова Бегимай 1999-жылы төрөлгөн;

- Рахманжанов Бектурсун 2002-жылы төрөлгөн;

- Рахманжанова Эркинай 2005-жылы төрөлгөн;

- Рахманжанов Нурсултан 2007-жылы төрөлгөн;

- Рахманжанов Абдурашит 2010-жылы төрөлгөн;

- Рахманжанов Азирет 2012-жылы төрөлгөн;

- Рахманжанов Эмир 2014-жылы төрөлгөн;

- Рахманжанов Алинур 2017-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×