Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуКемин району 21.06.2019 14:37

Кеминде айыл өкмөттөр арасында ыр кесе башталды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында «Ыр кесе-2019» иш-чарасы старт алды.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган ыр кесе бул жолу Чым-Коргон жана Жаӊы-Алыш айыл аймактарынын ортосунда «Менин айылым таланттарга бай» аталышында өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — элет жериндеги таланттуу адамдарды чыгаруу, аймактардагы маданияттын абалына коомчулуктун көӊүлүн бурдуруу. Иш-чара жобонун негизинде калыстар тобунун катышуусунда өткөрүлдү. Ага жалпысынан 50гө жакын тургун катышып, 150дөй көрүүчү күбө болду.

Ыр кесе ар бир айыл аймакта өткөрүлүп, Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ноябрь айында жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×