Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 24.06.2019 09:58

Мигранттар Майлуу-Суудагы мыкты окуган 7 окуучуга стипендия берет

Город Майлуу-Суу
Город Майлуу-Суу
// Turmush

Turmush -  Кыргызстандык мигранттар Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы 7 мектептин мыкты окуган 7 окуучусуна жыл сайын 5 миң сомдон стипендия берип турушат. Бул тууралуу Россиядагы «KG Лига» футбол лигасынын президенти Максат Мамбеткулов билдирди.

Анын айтымында, стипендиядан тышкары медаль, сертификаттар дагы тапшырылат.

«Окуучуларга чоң атам Абыкаар Мамбеткуловдун атындагы стипендия берилет. Мындан ары жыл сайын үзгүлтүксүз стипендия берип турууга аракет кылабыз. Кийинчерээк мугалимдерге да берилиши мүмкүн», - деди М.Мамбеткулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×