Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 24.06.2019 18:32 На русском

Айыл турмушу: Самаков өзү кураган трактору менен миңдеген акчаларды таап жатат

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылынын тургуну Ренат Самаков ар кайсы техниканын тетиктерин курап, трактор жасады. Аны Ренат «Картофелограф» деп атап алган. Бул трактору менен картошка отоп, түптөп жатат.

«Астыңкы дөңгөлөгү «Жигулиники», арткы дөңгөлөгү айыл чарба техникаларыныкы, мотору «Муравейдики», май куйган багы «Верховина» мопединики, рулу менен астыңкы ступицасы «Запорожецтики» жана арткы ступицасы «Москвич-408» унаасыныкы. Баары куралгандан кийин 30 миң сомго бааланган «Картофелограф» менен жазында картошка себерде уясын ачып берем. Ошондой эле отоп, түптөп жана күзүндө казып берем. Бир тонна жүк көтөргөн араба жасагам. Аны менен чарбалык жумуштарды аткарам.

Бир күндө ондон ашык адамдардын короосундагы картошка аянттарына кызмат кылам. Башкача айтканда, бир күндө 2,5-3 гектардан ашык картошканы отоп, түптөп берем. Бир гектар жерде кызмат аткарганым үчүн 10 литр бензин куюп, миң сом акы алам. Акыркы эки жылдан бери талаага айдалган картошкаларды гектарлап отоп, түптөп берчү элем. Быйыл былтыркы картошка көйгөйүнөн кийин картошка аянттары азайып, көбүнчө чарбактарда иштеп жатам», - деди Ренат Самаков.

Ренат Самаков 1989-жылы Түп районунун Токтоян айылында төрөлгөн. Жубайы Айсулуу экөө 4 жаштагы Алия менен 2 жаштагы Элеман аттуу уул-кыздарын тарбиялап жатышат.

Ренат жеке менчик чарбачылыгынан тышкары өзү курап алган техникасы менен киреше табууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×