Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу, Токмок 25.06.2019 16:50

Токмоктогу бий ансамбли Нур-Султан шаарындагы сынакка жолдомо алды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Жылдыз» бий ансамбли Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүүчү бий сынагына жолдомо алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

«Жылдыз» бий ансамблин хореограф Наталья Быкова жетектеп келет. Ал 1997-жылы түзүлүп, көптөгөн сынактарга, фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды алып келген. Жакын арада эле Бишкек шаарында өткөн Орто Азиянын эл аралык бий олимпиадасында «Эстрадалык бий», «Элдик бий» номинациясы үчүн күч сынашып, үч бийчи 1-орунду, дагы бири 3-орунду ээлеген.

Эми аталган ансамбль Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүүчү сынакка бармай болушту. Мындай чакыруу Кыргызстан боюнча үч гана бий тобуна берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×