Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуАк-Талаа району 28.06.2019 14:41

Ак-Талаага Бишкектен келген дарыгерлер тургундардын ден соолугун акысыз текшерип жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылына борбор калаадан «Ден соолук кербени» көчмө медициналык дарыгерлер тобу келип, жергиликтүү тургундарга акысыз кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынан көчмө дарыгерлер тобу келип, жергиликтүү тургундардын ден соолугун акысыз текшерүүгө алышууда. Аталган дарыгерлердин ишине айылдык №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана райондук аймактык оорукананын соматика бөлүмүнүн дарыгерлери кол кабыш кылып, жардам беришүүдө. Андан сырткары, айылдык ден соолук кабинетинин кызматкерлери элге керектүү маалыматтарды жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бишкектен эндокринолог, невропатолог, эмчек дарыгери, уролог, педиатр, көз дарыгери, гинеколог, УЗИ дарыгери, кардиолог жана башкалар келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×