Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуЖумгал району 29.06.2019 12:18 Жаңыланды: 29.06.2019 17:47 На русском

Мекендештер: Мектепти бүтөрү менен Италияга кеткен Бакайдын даңгыр жолу

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 20 жаштагы Бакай Сейтказиев. Ал Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында туулган. Учурда Италиянын Неаполь шаарында иштейт. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Асылбек Молдокеев атындагы мектепте 3-класска чейин окуган. Андан кийин шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келишкен. 4-класстан 11-класска чейин Бишкек шаарындагы №76 кесиптик техникалык лицейде билим алган. Окууну аяктаган соң, туугандарынын чакыруусу менен Италияга кеткен.

«Учурда Неаполь шаарында тейлөө тармагында иштейм. Тил билбей келип, бул жактан үйрөндүм. Неаполь аябай кооз, чакан, тарыхый шаар. Аба ырайы нымдуу, жайында абдан ысык болот. Калкы маданияттуу, жергиликтүүлөр бизди кытай, корей же жапон улутунан деп ойлошот. Ошентсе дагы жакшы мамиле кылышат.

Мага бул жактагы элдин эркин жашоосу жакты. Ар ким өз жашоосу менен алек. Өздөрү үчүн гана жашайт. Тапкан акчаларына чоң үй салып же той бербестен саякаттоого чыгышат. Мен дагы кичинекей кезимен бери өз алдымча, эркин жашагым келчү. Ошол кыялдарым орундалып жатат», - дейт ал.

Бакай Неаполь шаарында 5 жыл иштөөнү пландап жатканын белгиледи.

«Италияда акыркы убактарда кыргыздардын саны көбөйүп калды. Неаполдо эс алуу күнү мекендештерди көп кездештирүүгө болот. Алар ар кайсыл тармактарда иштешет. Мен болсо жакынкы 5 жыл аралыгында Италияда эмгектенүүнү пландап жатам. Андан кийин Кыргызстанга барып, чакан ишкана ачуу менен бирге жумуш орундарын түзсөм деген максатым бар», - дейт мекендешибиз Бакай Сейтказиев.

Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×