Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусу, Айдаркен 01.07.2019 15:50 На русском

Айдаркен шаарынын мэри болуп Байыш Астанакулов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 1-июлда Айдаркен шаарынын мэри болуп Байыш Астанакулов шайланды. Бул тууралуу Айдаркен шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо өттү. Ага 2 талапкер — «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жапар Кадыров жана КСДП жана «Ата Журт» партияларынан Байыш Астанакулов сунушталган. Шайлоого жергиликтүү кеңештин 21 депутаты катышып, жыйынтыгында 11 добуш менен Байыш Астанакулов жеңишке ээ болду. Жапар Кадыров 9 добуш алса, 1 депутат 2 талапкерге тең каршы добуш берген.

Байыш Астанкулов буга чейин Ош шаардык кеңешинде юрист болуп эмгектенип келген.

Айдаркен шаарынын буга чейинки мэри Мухубилла Мумбаев өз арызы менен кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×