Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 03.07.2019 08:31

Чехияда чемпион болгон ата-бала сыйланды (сүрөт)

Эржигит, мэр Таалайбек Сарыбашов жана Эрали Аскарбек уулу
Эржигит, мэр Таалайбек Сарыбашов жана Эрали Аскарбек уулу

Turmush -  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов спорттун жиу-житсу түрү боюнча Чехияда өткөн дүйнө чемпионатында 1-орунду ээлеген ата-баланы кабыл алып, акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушууда Т.Сарыбашов бир мелдеште ата-бала чемпион болгонун алгачкы жолу укканын билдирди.

«Бир учурда ата-баланын алтын утушу өзгөчө жаңылык болду. Алдыдагы мелдештерде ийгилик каалайм», - деди мэр.

Ушул жылдын 17-18-май күндөрү 46 жаштагы Эрали Аскарбек уулу эки баласы менен Чехиянын Прага шаарында 32 өлкөнүн спортчулары катышкан дүйнө биринчилигинде күч сынашкан. Мелдеште өзү жана уулу Эржигит экөө алтын медаль утса, экинчи уулу дагы күмүш медалга ээ болгон.

Эрали Аскарбек уулу Бишкек шаарындагы спорт клубдардын биринде машыктыруучу болуп эмгектенет жана уулдарын да өзү машыктырып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×