Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.07.2019 22:00 Жаңыланды: 03.08.2019 14:50 На русском

Айыл турмушу: Чет өлкөдөн торт жасаганды үйрөнгөн Айсулуу Чойбекованын кичи бизнеси (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 27 жаштагы тургуну Айсулуу Чойбекова торт жасаганды Россиядан үйрөнүп келип, учурда Жалал-Абад шаарында тортторду жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, курбусунун туулган күнүнө торт жасап баргандан кийин ага буйрутмалар түшө баштаган.

«Өзүмдүн торт жасоого шыгым бар болчу. Окуучу кезимде кондитердик курска барып, таттууларды жасаганды үйрөнүп жүргөм. Бала кезимден эле ашканада тамак-аш жасаганга кызыкчумун. Мектепти аяктагандан кийин эле турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз мигрант болуп Россияга кеттик. Ал жактан балалуу болуп, үйдө отуруп калдым.

Бир күнү баламдын туулган күнүнө торт жасап бердим. Аябай сонун болуптур. Баары мактап жешти, өзүмө да жакты. Көп өтпөй курбу кызымдын туулган күнүнө торт жасап бардым. Ал конокторго да жагып, ошол жерден эле буйрутмаларды бере башташты. Ошентип торттун жасалышын интернеттен көрүп, кардарымдын табитине жага тургандай кылып жасап баштадым», - деди Айсулуу айым.

3 жыл мурда Россияда тортторду жасаганды үйрөткөн курстарга да барып билим алган.

«Даамдуу тортторду жасоо үчүн Россиядан көптөгөн мастер-класстарга катышкам. Ал жерден билбеген көп нерселерди үйрөндүм. Азыр Жалал-Абад шаарындамын. Жакында эле торт жасоого кызыккандар, кондитердик дүкөн иштеткен ишкерлер үчүн мастер-класс өткөрдүм. Россияда жүргөндө тортторду үйдөн эле жасап жүрдүм. Учурда Россияда да кардарларым көбөйүп бара жатат десем болот», - деди ал.

Учурда Айсулуу айым таттууларды жасап, өзүнө жетиштүү киреше таап жатат.

«Бул менин чакан бизнесим. Биздин үй-бүлөдө кирешени жолдошум көп табат. Бирок менин тапкан акчам үйгө керектүү буюм-тайым алганга жетет. Андан сырткары балдарымдын окуусуна, кийим-кечесине да ашырам. 10 күндүн аралыгында Россияга кайра барып, мастер-класстарга катышып келем. Келечекте Бишкек шаарына барып, өзүмдүн жеке кондитердик ашканамды, дүкөнүмдү ачсам дейм», - деди ал.

Айсулуу айым 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×