Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусуЖайыл району 03.07.2019 18:39 На русском

«Унаанын үстүнө чык...»: Суу жээктеп чуркагандар окуя кандай болгонун айтып беришти. Сүрөт

Turmush -  Жайыл районунда Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унааны жана анын жүргүнчүлөрүн издөө иштери уланууда. Учурда Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кырсык болгон аймакта жүрөт.

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылынын тургуну Кубат Эмилбеков окуя тууралуу айтып берди.

«30-июнда эртең менен Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине айылдаштарым жана балам менен бара жаткам. Кызыл-Ойдун капчыгайынан бир автоунаа биздин унааны ашып өттү. Мен жол берип, артынан 150 метр алыста бара жаткам. Ошол унаа көз алдыбызда эле кумга сайылып, сууга кирип кетти. Башында унаа сууда бир аз калкып турду. Андан кийин суунун ортосуна кирип-чыгып агып баратты. Ошол маалда кызыл футболкачан бала чыгып, унааны кармап, аны менен чогуу агып бара жатты. Биз «үстүнө чык, үстүнө чык» деп кыйкырдык. Уктубу, уккан жокпу билбейм. Көп өтпөй унаа суунун ичине кирип, көрүнбөй калды. Ошондо ал бала унаадан алыстап, сууга агып кетти. Агып баратып сүзөм деп аракет кылды. Бирок шар суунун агымы сүзүп чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок. Биз артынан суу жээктеп кубалап бараттык. Бала жээкке жетейин деп калганда «бакты карма» деп кыйкырдык. Кайра эле сууга чөгүп кетти. Биз төмөндү карай чуркап жөнөдүк. Карасак унаанын дөңгөлөктөрү, майда-чүйдө буюмдар сууга агып баратыптыр. Суу катуу ылдамдыкта аккандыктан ал бала, унаа тез арада эле көрүнбөй калды.

Ошентип Каракол жайлоосуна бардык. Ал жерде милиция кызматкерлери бар экен. Аларга дароо ушундай унаа агып кетти деп айттык.

Унаанын ичинде 5 адам болгон экен. Негизи эле бул жерден көп жол кырсыгы болот. Биздин айылдан да ушундай кырсык болуп, унаадагы бир адам табылып, экинчиси табылбай калган», - деп билдирди айыл тургуну Кубат Эмилбеков.

Аны менен чогуу бара жаткан Байызбек Абакиров: «Унаа 60 чакырым ылдамдыкта бара жаткан. Биз 30 чакырым ылдамдык менен араң бара жатканбыз. Айла жок, жардам бере албадык. Жер тепкилеп кала бердик.

Бул жер негизи эле кооптуу. Тосуп, тиешелүү белгилерди орнотуу керек. Биздин чоңдор ушундай жерлерди карашпайбы...», - деди.

Унаа кулады деп болжолдонгон жер

Издөө-куткаруу иштерине катышкан Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылынын тургуну Улан Кожонов: «Жумгал районунун Арал деген айылына чейин издеп барып, айдоочуну таптык. Кечки саат 20:00 чамасы болуп калган. Аны суудан чыгарып жатсак, дагы бирөө табылды деп телефон чалышты. Барсак Молдакун Абдылдаев экен. Алардын денесин Жумгал районундагы өлүкканага алып кетишти. Биз үйгө кеттик», - деди.

-----------------------------------------------------------------------------

Кырсык 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында болгон. Кырсыктан мерт болгондордун туугандары унаада 3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала болгондугун билдиришкен. Кечээ, 2-июлда издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден жалпы 98 куткаруучу, туугандарынан 20 адам тартылган. Саат 17:20да Көкөмерен суусунун Жумгал районунун Арал айылындагы тушунан унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 км алыстан Молдакун Абдылдаевдин денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кеч киргендигине байланыштуу калган адамдарды издөө иштери саат 20:30да убактылуу токтотулган.

Буга чейин Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылында жол-транспорт кырсыгына кабылган унаа Көкөмерен суусуна түшүп кеткендиги маалымдалган. Аталган унаадагы адамдар Ат-Башы районунан Суусамырга Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жатканы айтылган.

Андан кийин Молдакун Абдылдаевдин Индира аттуу кызы «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаа жоголгонун, анда атасы Молдакун Абдылдаев, апасы, 1992-жылы туулган бир тууганы (эркек) жана кызы болгондугун билдирген.

«30-июнь күнү атам, апам, бир тууганым (эркек) жана кызым «Ниссан Террано» унаасы менен Суусамырды көздөй кетишкен. Акыркы жолу Жумгал районунан сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери дайыны жок. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз», - деген ал.

Ал эми күбөлөр, унаа алгач жарды сүзүп, андан соң сууга кулагандыгын айтышкан.

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндөгү Тунук айылынын тургуну Шаршенбек Аманов: «Мен өзүм жолдо иштейм. 1 айдан бери жолду оңдоп-түздөп, майрамга даярдап жүрдүк. 30-июнь күнү Кызыл-Ой айылынан кызматтык унаа менен биздин кесиптештер келишти. Өң-алеттен кетип, ушундай жаман кырсык болду деп айтып калышты.

Биз тарапта айланма жол бар. Анын аймагында суу шар аккан жана кууш жери бар. Ошол жолдон Кожомкулга чейин 27 чакырым аралык. Кесиптештерибиз ушул жерде бара жатканда алардын унаасын бир автоунаа ашып өтүп, чайпалып барып жарды сүзүптүр. Андан соң тумшугу менен сууга кирип кетиптир.


арал

Шар суу унааны агызганда эле ичинен 3 киши чыккан экен. Бир кызыл футболкачан жигит жанталашып чыгайын дептир. Бирок шар сууга туруштук бере албай, агып кетиптир. Андан кийин унаадан чыккан кишилер, унаа дагы 3-4 жолу көрүнүп, ошол бойдон көрүнбөй калыптыр. Ага удаа суунун үстүнө азык-түлүк жана башка буюмдар чыга баштаган экен.

Биз милиция кызматкерлерине, куткаруучуларга билдирдик. Суу азыр кирип турган учуру. Ал жерден унааны жай айдаш керек. Мурун бул жерден 2-3 жолу кырсык катталган», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×