Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.07.2019 22:15

Кыргызстандын жаратылышы: Кырчындын жайдагы көрүнүшү

Turmush -  Кырчын — Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы тектондук чуңкурча. Ысык-Көл районундагы Кичи Ак-Суунун ортоңку агымындагы кооз жер. Ысык-Көлдөн 13-15 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 2000-2300 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу 7-8 чакырым, туурасы 2-2,5 чакырым.

Түндүгү жана түштүгү тик капталдуу, батышы Көк-Бел жана Бел-Булак мойноктору, чыгышы Үч-Күнгөй, Көк-Дөбө менен чектешкен Кырчын жайлоосунун жайкы көрүнүшүнөн бир элес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×