Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Нарын облусу, Нарын 04.07.2019 16:12

Нарында милиция кызматкерлеринин арасында кичи футбол уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук стадиондо Ички иштер министрлигинин кайгуул-күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнүн 40 жылдыгына карата кичи футбол боюнча кызмат бөлүмдөрүнүн арасында мелдеш болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага облустук, район жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кайгуул-күзөт кызматтарынан түзүлгөн 8 команда катышып, өз ара күч сынашты. Командалар эки тайпага бөлүнүп оюн өткөрүшүп, тайпанын жеңүүчүлөрү финалдык оюнда беттешти. Анда облустук ички иштер бөлүмүнүн кайгуул-күзөт кызматы менен Нарын шаардык кайгуул-күзөт кызматынын командасы күч сынашып, көрүүчүлөргө кызыктуу оюн көрсөтүштү. Облустук ички иштер бөлүмүнүн командасы артыкчылык көрсөтүп, атаандашын жеңилүүгө аргасыз кылды.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду ОИИБдин командасы, 2-орунду Нарын шаардык кайгуул-күзөт кызматынын командасы, 3-орунду Нарын районунун командасы камсыз кылышты. Жеңүүчүлөрдү облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Аалиев куттуктап, кубок, грамота жана медаль тапшырды. Ошондой эле Мирлан Ашырбаев «Мыкты коргоочу», Талипов Жылдызбек «Мыкты чабуулчу», Кубанычбек уулу Келдибек «Мыкты дарбазачы» деп табылып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×