Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусуЖайыл району 09.07.2019 10:56 На русском

300 кг атты жерден 20 сантиметрдей көтөргөн Уларбектин ийгилиги. Видео

Turmush -  Чүй облусунун 21 жаштагы тургуну Күрүчбек уулу Уларбек Суусамыр өрөөнүндө өткөн Кожомкул балбандын 130 жылдыгында ат көтөрүү мелдешинде 1-орунду жеңип алган. Ал атты өмүрүндө биринчи жолу көтөргөнүн белгиледи.

«Буга чейин ат көтөрүп көргөн эмесмин. Негизи эле 300 кг салмактагы жандуу жана жансыз заттарды көтөрүп көргөн эмесмин. Ашып кетсе 150 кг салмактагы буюм-тайымдарды көтөргөм.

Нурбек Кожобеков агайым менен Адилет Барпыбеков аттуу досум экөө мени ат көтөрүү боюнча мелдешке жаздырып коюшуптур. Мелдешке жалпы кыркка чукул балбан катышып, көбү көтөрө албай коюшту. Айрымдарын ат тээп салды. Айылда мал багып, ат жалында ойноп чоңойгондуктан эч нерседен корккон жокмун. Ишенимдүү барып эле 20 см жогору көтөрдүм. Алла бизге күч-кубат берди деп ойлойм. Анткени 40 баланын ичинен 1-орунду алып, автоунаа жеңдим», - деди ал.

Спортчу 5 жылдан бери бел боо, кыргыз күрөшү менен машыгып келет.

«Өзүм кыргыз жана бел боо күрөшү боюнча 5 жылдан бери машыгып келем. Балбандык канымда бар. Шамшидин Айтиев аттуу таятам Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгон. Чоң таякелерим дагы күрөшкө катышкан экен.

Ушул беш жыл ичинде бир топ ийгиликтерге жетиштим. Мисалы, 2017-жылы Казакстанда «Астана ЭКСПО-2017» эл аралык көргөзмөнүн алкагында өткөн бел боо күрөшү боюнча мелдеште коло медалдын, 2018-жылы биринчи жана экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында монгол күрөшү боюнча 3-орундун ээси болгом.

Бул ийгиликтерге жетүүгө машыктыруучулар Ниязбек Курманкулов менен Нурбек Кожобеков агайларымдын салымы чоң. Учурда кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону Нурбек Кожобеков агайымдын кол астында машыгам», - деди ал.

Күрүчбек уулу Уларбек 1998-жылы Талас районундагы Жон-Арык айылында төрөлгөн.

«Атам Күрүчбек Байысов, апам Назира Айтиева, 7 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Үч кыз, төрт уулбуз. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Бир кыздын атасымын», - деди ал.

Уюштуруучулардын видеосу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×