Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуНарын району 10.07.2019 09:45

Мушкерлердин кыл чайнашы: Чемпиондук курду кимдер алды?

Turmush -  Нарын районунун Куланак айылында Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата «Кулатуу эр таймаш WEF 81 PROFIGHT 34» аталышындагы эл аралык турнир өттү.

6-июль күнү өткөн турнирге Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, ЖКнын депутаттары – Жыргалбек Турускулов, Мирлан Бакиров, Улан Примов, Алтынбек Жунус уулу, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, жергиликтүү тургундар жана башка коноктор катышты.

Аталган турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мушкерлери дагы келишкен. Мелдештин негизги бөлүгү саат 17:00дө башталган.

Иш-чара Кулатуу эр таймаш WEF федерациясы тарабынан уюштурулган. Турнирге жалпысынан 48 мушкер катышып, 19 беттеш өткөрүлдү. Алардын ичинен чемпиондук кур үчүн 2 беттеш болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- 1-беттеште Бекнараз Мырзагелдиев 1-раунддун 2-мүнөт 15-секундунда Таштанбек уулу Канатты жеңди;

- 2-беттеште Өмүрбек Артыкбаев 1-раунддун 2-мүнөт 16-секундунда Бахром Шакирбаевди муунтуу жолу менен жеңип алды;

- 3-беттеште Куткелди Сыдыкмаматов атаандашы Максатбек Келдибековду утту;

- 4-беттеште Азамат Карабеков кысып, думуктуруу жолу менен Кочкорбаев Исламды жеңип алды;

- 5-беттеште Алтын Ашимбаев ушул эле жол менен 2-раундда Айдар Айдынбековго жеңишти берген жок;

- 6-беттеште өзбекстандык Холмурод Нурматов кыргызстандык балбан Азиреталы Жумабек уулун жеңип алды;

- 7-беттеште Бекмырза Досматов Жоомарт Максатбек уулун утту;

- 8-беттеште Улан Коңурбаев кысуу жолу менен 1-раундда казакстандык Эрбол Кожановго намыс берген жок;

- 9-беттеште кыргызстандык Эдил Эсенгулов менен Максат Акмолжоев беттешип, жыйынтыгында Эдил Эсенгулов жеңишке жетти;

- 10-беттеште өзбекстандык Жахонгир Нажметдинов 3-раундда кыргызстандык Нурболот Аскарбек уулун жеңип алган;

- 11-беттеште кыргызстандык Баймурат Сайтиев өзбек мушкери Ирфасалаң Мирсидиковго жеңишти берген жок;

- 12-беттеште кыргыз балбаны Данияр Жаныбек уулу өзбек балбаны Орозбек Убайдуллаевди утуп, жеңишти камсыздады;

- 13-беттеште кыргызстандык Улан Эмилбеков казак балбаны Сержан Сапаргалиевди жеңди;

- 14-беттеште тажикстандык балбан Дильшод Юсупов 1-раундда кыргыз мушкери Адилет Мусаевди утуп алды;

- 15-беттеште кыргыз балбаны Ринат Саякбаев 1-раундда нокаут менен тажик балбаны Эмомали Холбойтту жеңген;

- 16-беттеште казакстандык Эрасыл Шукатаев кыргызстандык Алманбет Нусраттилланы жеңип алды;

- 17-беттеште кыргызстандык Адис Таалайбек уулу казак мушкери Нурсат Семетеевди жеңип алды.

Чемпиондук курга казакстандык мушкер Эрасыл Шукатаев жана кыргызстандык Адис Таалайбек уулу татыды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×