Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуКадамжай району 10.07.2019 15:28 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков сурак учурунда ур-токмокко алынганбы?

Шектүү Мелис Калыков
Шектүү Мелис Калыков

Turmush -  8-июль күнү Кадамжай райондук сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковго карата колдонулган кыйноо фактысы боюнча жактоочунун доо арызы каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, М.Калыковдун жактоочусу Асылбек Күңгуровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облустук башкармалыгынын тергөөчүсү М.С.нын камакка алынган М.Калыковго карата кыйноо болгондугу боюнча чыгарган чечимине каршы доо арызы каралган.

М.Калыковдун жактоочусу А.Күңгуровдун айтымында, шектүү 2018-жылдын 24-ноябрында: «Мени сурак учурунда кыйнап, уруп, коркутушкан. Психологиялык жана физикалык жактан кысымга дуушар болдум», - деп арызданган. Арызды Баткен облустук прокуратурасы УКМКнын Баткен облустук башкармалыгына жөнөткөн. Ал арыздын негизинде УКМКнын Баткендеги башкармалыгынын тергөө бөлүмү 2018-жылдын 31-декабрында чечим кабыл алган. Чечимде соттук-медициналык экспертизанын негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартылганы айтылат.

9-январда УКМКнын Баткендеги башкармалыгынын тергөөчүсү М.С.: «Соттук-медициналык экспертизанын жана соттук-психологиялык экспертизанын корутундусу чыкты. ИИМдин кызматкерлери арызда көрсөтүлгөн дооматтарды тастыктаган жок», - деген чечим чыгарган.

Бирок жактоочу Асылбек Күңгуров соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертизанын корутундулары тааныштырылбаганын айтты. Алардын ИИМдин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү жана түшүнүк каттары менен таанышуу тууралуу өтүнүчтөрү четке кагылган. Ошондуктан шектүү М.Калыков жана анын жактоочулары Баткен райондук сотуна кайрылышкан. Бирок Баткен райондук соту буга чейин Мелис Калыковго байланышкан бир нече ишти карагандыктан Баткен облустук сотунун чечими менен доо арыз Кадамжай районунда каралган.

Ал эми Кадамжай райондук соту: «М.Калыковду сот отурумуна алып келүү боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына кайрылганбыз. Бирок алар унаа бузулуп калгандыгына байланыштуу алып келе албай турганын билдиришкен», - деп жооп беришти.

Сот отурумунун жыйынтыгында жактоочулардын доо арызы канааттандыруусуз калтырылды.

М.Калыковдун жактоочусу эми Баткен облустук сотуна кайрыларын билдирди.

Turmush басылмасы 1-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен районунун прокурорунун (Мирлан Калыбековдун) ошол кездеги орун басары Санжар Кочкорбаев суралганын жазган. Анын жүрүшүндө М.Калыков окуя болгон күнү суракка алынганда уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Байболсунов, Калыбеков, Кочкорбаев тарабынан ур-токмокко алынганын айткан.

Маалымат толугу менен бул шилтемеде.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
01.07.2019Прокурордун өлүмү: Сот жактоочунун номурларды текшерүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×