Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуБаткен району 10.07.2019 17:46

Тажикстанга эс алууга кеткен баткендик 18 окуучу үйлөрүнө кайтып келди

Turmush -  1-июлда Тажикстандын Гүлстан шаарындагы «Шахин» балдардын эс алуу борборуна эс алууга кеткен баткендик 18 окуучу бүгүн, 18-июлда кайтып келди. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, аларды район жетекчилиги тосуп алып, үйлөрүнө жөнөтүштү. Алар тосуп алгандарга Тажикстандагы эс алуусу жөнүндө айтып беришти.

Буга чейин 1-июлда Баткен облусунан 18 окуучу Тажикстандын Согди облусуна эс алууга жөнөп кеткени кабарланган.

Маалыматка караганда, анда Баткен облусунун жетекчилиги менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси жолугушуп, достукту, ынтымакты бекемдөө, эки элдин карым-катнашын чыңдоо максатында иш-чара уюштурулган. Анын алкагында баткендик алдыңкы 18 окуучу Согди облусундагы Бахористан шаарындагы балдардын эс алуу борборуна жайкы эс алууга жөнөтүлгөн. Аларды тажикстандык мамлекеттик кызматкерлер коштоп алып кетишкен.

Ал эми Согди облусунун Исфара районундагы эмгектин 18 ардагери Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эс алуу борборуна эс алууга жөнөтүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×