Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусу, Нарын 11.07.2019 08:26

Нарындын делегациясы Москва шаарына барды

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов башында турган делегация Москва шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Алгач, облус башчысы Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугуп, эмгек мигранттарынын азыркы абалы жөнүндө маалымат алды. Андан соң делегация Москвадагы кыргыз ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Нарын облусунда ишке ашуучу бизнес долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Дубан жетекчиси ишкерлерди Нарын жергесине ишкерлик кылууга чакырып өттү.

Мындан кийин делегация Россияда эмгектенип жаткан мигранттар менен кездешип, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул жерде иштеп жаткан жарандардын ынтымагы жана биримдиги үчүн кызмат кылып жаткан мигранттарга сыйлыктар тапшырылып, ыраазычылыктар айтылды.

«Биздин негизги максатыбыз — өз жерибизде жумуш орундарын арбын түзүп, жаштарды аймактарга алып калуу жана мигранттардын санын азайтуу», - деди Аманбай Кайыпов.

Делегациянын кийинки сапары «Фуд Сити» агрокластерине болду. Бул жерден Россиянын тейлөө тармактарынын баарына продукциялар кетип турат. Мына ушул жайга Нарындан өндүрүлгөн продукцияга орун берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле делегация Россиядагы айрым фермалардын иши менен таанышты. Нарындын шартына ылайыктуу эт жана сүт багытындагы уйларды алып келүү боюнча макулдашуулар мерчемделди. Иш сапардын соңунда Аманбай Кайыпов менен «Нарын—Теңир-Тоо» коомдук уюму кызматташтык келишимине кол коюшту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×