Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусу, Ош 11.07.2019 09:41

«Дордойдун» футболчулары «Алайды» кошумча убакытта жеңип алды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 10-июль күнү Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев стадионунда Кыргыз премьер-лигасынын алкагында Бишкек шаарынын «Дордой» футбол клубу менен Ош шаарынын «Алай» клубу беттешти. Бул оюнга аймактык кабарчы да күбө болду.

Оюндун биринчи бөлүгү 0:0 эсебинде жыйынтыкталганы менен стадионго келген күйөрмандар беттештин экинчи бөлүгүндө 3 голго күбө болушту. Алгач «Алайдын» чабуулчусу Жоел Кожо каршылаштарынын дарбазасына 11 метрлик айып соккудан гол киргизди. Оюндун негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 3 мүнөт кошуп бергенде «Дордой» клубунун футболчулары 2 гол киргизгенге жетишти. Беттеш 2:1 эсебинде коноктордун жеңиши менен жыйынтыкталды.

Турнирдик жадыбалда аталган эки клубду 6 упай бөлүп турат. Учурда «Алай» клубу турнирдик жадыбалда 1-орунда келе жатат.

Буга чейин Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште «Алай» клубу «Дордойду» 4:3 эсебинде жеңип алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×