Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусу, Талас 11.07.2019 12:35 На русском

Айыл турмушу: Эл кыдырып иштеген дарыгер Д.Чормонова далайлардын куда болушуна салым кошкон (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 51 жаштагы тургуну Дилде Чормонова 31 жылдан бери медайым болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1985-жылы Талас медициналык орто окуу жайынын акушер бөлүмүндө билим алып баштаган. 1988-жылы Талас шаарына келин болуп келген. Ошол жылдан бери Талас шаарындагы поликлиникада эмгектенип келе жатат.

«Атам казак улутунан, апам кыргыз. Апамдын төркүндөрүндө — Кара-Буура районунун Лущихин совхозунда чоңойгом. Мен 1985-жылы Талас медициналык орто окуу жайынын акушер бөлүмүнө баргам. 1988-жылы окууну аяктагандан бери Талас шаарындагы поликлиникада медайым болуп эмгектенип келе жатам. Ошол жылдан бери эле бир аймактагы элди тейлейм. Профилактикалык иш жүргүзүп, ден соолукка кам көрөм.

Биздин жумушта эң эле кыйыны — балдарды өз убагында эмдөөгө алып келүү. Эмдөөгө түшүнбөгөн үй-бүлөлөр балдарын, неберелерин жибербейт. Биз жаш келиндердин кайын энелери менен сүйлөшөбүз. Аларга жакшы мамиле кылып, балдарын эмдетүүнү суранабыз. Айрымдар диний көз караштан улам эмдөө алышпайт. Келиндин өзү менен сүйлөшүп, күйөөсү дааватка кеткенде баласын алып келип эмдөөдөн өткөндөр да болот. Бизде жумуштун 50% убакытын элдин үйүн кыдырып өткөрөбүз. Бизди көргөндө айрымдар качышат, телефонго жооп беришпейт.

Бир жолу кышында бирөөнүн үйүнө барып, ээсин чакырып жатсам чоң ити бутумду тиштеп алган. Бутумду бошотпой жүрөгүмдү түшүргөн. Жумуштагы кыздар «бутуңузду өтүгүңүз сактап калды» деп күлүшкөн.

31 жылдан бери бир аймактын элин карайм. Баары сыйлашат, бирөө биз жактан келин алам же кыз берем десе «Ушунун кызы же уулу кандай? Үй-бүлөсү кандай?» деп сурагандар көп болот. Мен «жакшы кыз, жакшы уул» деп айтып, көптөрү баш кошту», - деди ал.

Медайым жолдошу экөө 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×