Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.07.2019 14:25 На русском

Жалал-Абадда тишин жулдургандан кийин сарык оорусунун «С» түрүнө кабылган аялдын абалы кандай?

жалал-абадская областная больница
жалал-абадская областная больница

Turmush -  Жалал-Абад шаарында тишин жулдургандан кийин сарык оорусунун «С» түрүнө кабылган аялдын дарылануусуна кеткен каражатты тиш дарыгер төлөп берүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы адистерге таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, сарык оорусун жуктурган аял акыркы 5 жылдан бери облустук кан борборуна кан тапшырып, донор болуп жүрөт. Быйыл дагы тиш дарыгерге барганга чейин борборго келип, кан берип кеткен.

«Биздеги донорлор өз мезгилинде келип, кан тапшырып турушат. Сарыкка кабылган аял 14 жолу кан тапшырган экен. Анализдери бүт картасында жазылып турат. Ал апрель айынын аягында кан тапшыруу үчүн келген, бирок анализдери жакшы чыкпай калды. Анан эжеге кайра анализдерди тапшырып көрүүнү өтүндүк. Анын жыйынтыгы дагы сарыктын «С» түрүнө кабылганын тастыктады.

Эженин барган жерлерин сурадык. Ал кашына татуаж жасатып, колунун жана бутунун тырмактарын тазалатып жасатыптыр, ошондой эле тишин жулдурган экен. Ал бир гана жеке менчик тиш дарыгердин кызматын пайдаланат экен. Жолдошун чакырдык, ал таза чыкты. Донордун буга чейинки бүт анализдерин эске алып, тишин жулдуруудан улам сарык оорусуна кабылганын 90 пайызга чейин тастыктап жатабыз. Аял азыр айына болжолдуу 15-20 миң сомдук дары ичип жатат. Ал каражатты тиш дарыгери төлөп жатыптыр», - дейт облустук кан борборунун жетекчиси Урмат Боржуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×