Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуКадамжай району 11.07.2019 16:36

Баткендеги «Сурма-Таш» коругунда жапайы тоо текелердин саны өсүүдө (сүрөт)

Сурма-Таш коругу
Сурма-Таш коругу

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Сурма-Таш» коругунда жапайы тоо текелердин саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

9-июль күнү «Сурма-Таш» коругунда жаратылышты коргоо боюнча атайын иш-чара уюштурулуп, ага Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров баш болгон мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана мектеп окуучулары катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар арасында жаратылышты коргоо боюнча сынак өткөрүлгөн. Окуучулар дилбаян жазып жана сүрөт тартышып, жеңүүчүлөргө планшет, уюлдук телефон сыяктуу баалуу белектер тапшырылды.

Быйыл «Сурма-Таш» коругунун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Алгачкы түзүлгөн жылдары корукта 300 баш тоо теке болгон.

Ал эми аталган иш-чара концерттик программа менен коштолду. Бул саамалык жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×