Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 11.07.2019 17:14 На русском

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланды

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нодырбек Хасилов шайланды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскарали Жумаев билдирди.

9-июль күнү Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн. 2 талапкер ат салышып, Хасилов Нодырбек Насирович жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 18 добушу менен айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Ал эми анын атаандашы Тилеке Абдулдаев 12 добушка ээ болду. 1 депутат баарына каршы добуш берген.

Хасилов Нодырбек Насирович буга чейин айыл өкмөт башчынын орун басары болуп иштеген.

Буга чейин аталган айыл өкмөттү Улукбек Рахманов жетектеп келген. Ага жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндөн кийин кызматынан кеткен.

Нодырбек Хасилов

хосилов Надирбек

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×