Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 12.07.2019 10:49

«Бир киши акча бергенде аябай жаман болдум»: Базарда ырчы атка конгон Ибрахим

Turmush -  Эл арасында таланттуу, бирок суурулуп чыга албаган жаштар көп. Кесиби башка болгону менен ырдаса ырчылардан кем калышпаган ыр сүйүүчүлөрдүн катарын Ибрахим Акжол уулу да толуктайт.

Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну Ибрахим шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде архитектор кесиби боюнча билим алат. Ал апасына жардам берүү максатында базарга соода кылууга чыгат.

«Гитарага 11-классты бүткөндө кызыгып калдым. Апама жардам берип, кийим сатуучу болуп базарга чыгып жатам. Кээде соода болбой калганда зеригип отурбайын деп гитарамды алып келгем. Күнүгө 3-4 саат ырдап отура берем. Базардын башында соода кылгандар ырдап баштаганда чогулуп келишет. Бир жолу ырдап жатсам, бир киши келип, «Т.Бектургановдун «Назира» деген ырын ырдап бер» деди. Ырдап бүткөндөн кийин акча берди. Аябай жаман абалда болуп, албайм десем да колума карматты. Көрсө, ал өзү жаш кезинде гитара менен ырдаганга кызыгып, бирок ырдап чыга албай калыптыр. Талантты баалаганын кийин түшүндүм.

Бизде азырынча көчө ырчыларына болгон көз караш туура эмес. Негизи комузда, аккордеондо ойногон, таланттуу досторум менен эс алуучу жайларда ырдасак деген ойлор бар. Бирок «баланчанын баласы ырдап, тилемчилик кылып жатат» деген сөздөр болуп кетет», - дейт Ибрахим Акжол уулу.

Ал кыргыз эстрада ырчыларынан Мирбек Атабековдун ырларына басым жасайт. Чет жактагы шаңдуу ырларды ырдап, базардагы кошуналарынын маанайын көтөрөт. Учурда ыр жаздыруунун камын көрүп жаткан кези.

«Гитара таякемден калган. Угуу жөндөмүм менен гана үйрөнгөм. Бир агамдын тоюна барып ырдап берсем, кийин жандуу үн угалы дешип достору да бир-эки жолу тойго чакырышты. Алгачкы гонорарым 500 сом болгон. Бирок азыр акча маанилүү эмес. Өзүм тартынчаак мүнөзмүн. Досторум талантыңды ачып ырдап чык дешет. Бирок апам «базарда соода кылбай эле ырдай бересиң» деп нааразычылыгын айтып калат», - деди Ибрахим Акжол уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×