Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 12.07.2019 12:06

Ак-Талаанын Баетов айылында сынган терек 1 жумадан бери алынбай турат, - тургундар

Ак-Талаадагы сынган бак
Ак-Талаадагы сынган бак

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 2 көчөнүн кесилишинде катуу шамалдан улам сынып кулаган бак алынбай турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, 4-5 күн мурун катуу шамал болуп, анын кесепетинен улам К.Мырзалымбеков жана С.Ынакбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги, «Жеңиш» сейил багынын жанындагы терек ортосунан сынып, сейил бак тарапка жыгылган.

«Бул бактын сынганына 1 жумадай болуп калды. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду бөгөп салды. Тургундар айланып өтүшүүдө. Эгер жогору жагынан толук сынса, анда сейил бактын тосмосун талкалап кетет», - деди жергиликтүү тургун Айбек Жаңылышов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×