Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 16.07.2019 13:56

Ысык-Көлдө спорттун 6 түрү боюнча өткөн мелдеште Чүйдүн 30 спортчусу чемпион болду

Turmush -  Ысык-Көлдөгү эл аралык спорттук мелдеште Чүйдүн 30 спортчусу чемпион болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулардын бири Бекболсун Советбек уулу билдирди.

«Бул мелдеш жылда өтүп турат. Өзгөчөлүгү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөнүндө. Быйыл төртүнчү жолу өттү. Спортчулар кикбоксинг, К-1, ушу саньда, тай бокс, ММА, эр таймаш боюнча күч сынашты. Мелдешке алты өлкөдөн жана республикабыздагы бардык аймактардан келген 2000ге жакын спортчу катышты.

Ачык мелдеш болгону үчүн буга каалоочулардын баары катыша алышат. Сөзсүз түрдө биринчиликти алгандар келсин деген эреже жок. Ошого байланыштуу көп спортчу катышты. Казакстандан эле 500 спортчу келишти. Чүй облусунан да көп спортчулар келишти. Кара-Балта, Сокулук, Ысык-Ата, Кемин районунан, Токмок, Бишкек шаарларынан келишти. Чүйдөн 30дай бала чемпион болушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×