Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусу, Нарын 22.07.2019 16:30 На русском

Алмаз Дардаилов Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Алмаз Дардаилов
Алмаз Дардаилов
// Turmush

Turmush -  Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Дардаилов Алмаз Эсенгулович дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов кол койгон.

А.Дардаилов 1979-жылы Тогуз-Тороо районуна караштуу Арал айылында төрөлгөн. Эмгек жолун 1996-жылы Нарын райондук маданият үйүндө баштаган. Андан кийин Соң-Көл жаштар үйүндө, Нарын шаардык балдар искусство мектебинде эмгектенди.

Жогорку билимдүү, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. Нарын облусунун жаштар кеңешинин жана Нарын шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×