Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 23.07.2019 13:06

Нарында сот кызматкерлери арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда сот кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сот кызматкерлеринин арасында өткөн кичи футбол боюнча 4-турнир жыйынтыкталды. Аталган мелдештин максаты — спортту өнүктүрүү менен жамааттар арасында ынтымакты бекемдөө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кубогуна карата республикалык мелдешке даярдык көрүү.

Жумгал райондук соту тарабынан демилгеленген турнирде Нарын облусундагы сот тутумунун 7 командасы өз ара күч сынашты. Буга чейинки мелдештин жеңүүчүсү болгон Жумгал райондук сотунун командасы бул жолу да өздөрүнүн чеберчиликтерин көргөзүү менен финалда Нарын шаардык сотунун командасын 4:2 эсебинде жеңип алды.

Жыйынтыгында турнирдин өтмө кубогу менен акчалай сыйлыгын Жумгал районунун командасы алды. Ал эми байгелүү үчүнчү орун үчүн Нарын облустук сотунун командасы менен райондор аралык сотунун курама командасы күч сынашып, райондор аралык соту жеңүүчү болду. Мындан сырткары «Мыкты дарбазачы», «Мыкты коргоочу», «Мыкты чабуулчу» сыяктуу номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Кичи футбол боюнча тоолуу аймактын сот кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан мелдештер жыл башынан бери такай уюштурулуп келет. Кийинки мелдеш сентябрь айынын ичинде Ат-Башы районунда өткөрүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×