Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу, КЕмин 30.07.2019 21:04

Кеминдеги 2 айылдын тургундары арасында маданий сынак уюштурулду

Turmush -  Кечээ, 29-июлда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чоӊ-Кемин жана Көк-Ойрок айыл аймактарынын таланттарынын ортосунда «Менин айылым таланттарга бай» аталышындагы «Ыр кесе-2019» иш-чарасы улантылды. Аталган иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Шабдан айылында өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Чым-Коргон жана Жаӊы-Алыш айыл аймактарынын таланттарынын ортосунда өткөрүлгөн. Иш-чара Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, негизги максаты элет жериндеги таланттуу адамдарды чыгаруу, аймактардагы маданияттын абалына коомчулуктун көӊүлүн бурдуруу, жандандыруу болуп эсептелет.

Иш-чара атайын түзүлгөн жобонун негизинде түзүлгөн калыстар тобунун катышуусунда өткөрүлдү. Иш-чарага жалпысынан 30га жакын талант катышып, 70дей көрүүчү күбө болгон. Кийинки эстафета Ильич айыл өкмөтү жана Ак-Түз айыл өкмөттөрүнө тапшырылды.

Ыр кесе ар бир айыл аймакта өткөрүлүп, жыйынтыгы ноябрь айында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата чыгарылат. Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×