Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 31.07.2019 10:55

Азия жана Океания чемпионатында алтын тагынган дзюдочу Ч.Сагыналиевди салтанат менен тосуп алышты

Turmush -  Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатында жаштар арасында алтын медаль тагынган дзюдочу Чыңгыз Сагыналиевди жердештери салтанаттуу түрдө тосуп алышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аны кечээ, 30-июнда тосуп алуу үчүн «Манас» эл аралык аэропортуна Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Асылбек Сатывалдиев, мурунку аким Болот Саткеев, Кайназарова айыл аймагынын башчысы Улан Эмилбеков жана Белек айылынын старостасы, айыл тургундары, спортчунун ата-энеси, бир туугандары, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү барышты. Алар Чыӊгыз Сагыналиевге чепкен жана калпак кийгизип, каалоо-тилектерин айтышты.

Сокулук районуна караштуу Белек айылынын 17 жаштагы тургуну Чыңгыз Сагыналиев бул турнирде алтын медаль тагынган болчу. Ал бул мелдешке 60 кг салмакта чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×