Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуКара-Буура району 01.08.2019 16:02

Эсимден такыр кетпей койдуңуз: Айчүрөк апанын окуучусу көп жылдардан кийин издеп келген (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 79 жаштагы тургуну Мамышева Айчүрөк апа өмүрүн билим берүүгө арнап, өзү теңдүүлөрдү дагы окуткан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими. Кийин география боюнча да билим алган.

«Ал кезде 8 жаштан мектепке барчубуз. Мен 1-класстын босогосун 1948-жылы аттагам. Окууга кудуңдап сүйүнүп барчу элем. Согуштан кийинки ачарчылык... Ачарчылыкта машак терүү менен далай күндөр өттү.

Өзүм кыз-келиндер институтун бүттүм. Ушундай берилгендик окуп бүтүрдүм. 1 жаштан ашып калган кызымды жаныма алып, автобус менен каттап жүрүп окуумду бүттүм. Кийин экология факультетинин география бөлүмүн сырттан аяктадым. Алгачкы эмгек жолумду 1958-жылы 18 жашымда Бакыян айылынан баштап, ал жерде 2 жыл иштедим. Андан кийин өзүм келин болгон Аманбаев айылындагы орто мектепте орус класстарга сабак берип иштеп калдым. Ошентип өмүрүмдү мектепке, балдарга арнап, ошол жерден пенсияга чыктым. Азыркы балдар ал кездеги окуучулардай болуп окушкан жок. Алар бир барак тапшырма берсең дагы аны жаттап алышчу эле. Анда кино, сыналды, эч нерсе жок, сонун мезгил болгон. Убакыт китепке гана арналган.

Кайсы бир жылдары 9-класстарга географиядан сабак бердим. Уялам (күлүп), себеби мени менен тең курактуу болуп, салабаттуу, бейбаштыгы жок балдар-кыздар эле. Кеч окуганбы, айтор мен курактуулар болчу. Кийин алар институтту бүтүп, кызматтарда иштешти.

Кийин башталгыч классты алып окуттум. 1954-жылы алгачкы классты бүтүрдүм. Окуткан окуучуларым мыкты болчу. Чоң класстын мугалимдери «окутканыңа рахмат» дешип колумду кармап куттукташчу. 10го жакын класс бүтүрдүм. Декретке чыкканда дагы балдарым жоош болуп, аларды бешикке таңып коюп сабакка барчумун. Кесибиме ушундай кызыкчумун. Жумуштан келгенде үйгө дагы көп конок келчү эле. Аларды тосуп, таңга маал саат 4:00 чамасында план жазып, көргөзмө курал даярдачумун. Жаңы нерсе даярдап барып, балдарды кызыктыра сабак өтүүгө шашылчумун.

Балдарым бала бакчадан чоңоюшту. Себеби ал убакта тартип бекем болуп, балдар жакшы багылчу. Аларга ишеним чоң болуп, биз өзүбүздүн жумушубуздун майын чыгара так аткарып жүрө берчүбүз. Жумушумду бир дагы жолу калтырбастан иштедим. Балдар менен иштешкен, аларга билим берген жашоомдун жогорку тепкичиндей сезилчү. Ошондогу окуучулар дагы билимге аябай кызыкчу.

1981-жылы окуткан окуучуларым эсимде. Адабият китебинде согуш жөнүндө тексттер көп болчу. Аны көркөм жана үн кубултуп окуп, мугалим артистиги менен текстти балдарга жакшы түшүндүрүп койсо болот. Бир текстти окурдан мурун «балдар, китебиңерди ачып, мен окуган жерди көз жүгүртүп түшүнүп отургула» дедим. Текстте биздикилер немистердин колуна түшсө, алар кыйнашат. Немистер биздин колго түшсө кыйнабайт деген маанини туюндурган бөлүм бар. Окуп жатып немистер колго түшүп калган жерине келгенде алар «бизди атпай, лагерге жибергиле» деген мааниде орусча чулдурап айтышкан жери бар эле. Ошондо карасам балдар аябай кызыгып отуруптур. Бир балам «эжеке, дагы бир сыйра окуңузчу» деп суранса калгандарынын боору ооруп, «өлтүрбөй эле, лагерге жиберип коюшса экен» деп ыйлап калышкан. Ошондогу балдардын кызыгуу менен угуп, шилекейлери дагы агып кеткенин эстеп калам (күлүп).

1960-жылдары кээ бирлер жетишпей жашашканбы, айтор бир окуучу балам бутуна эч нерсе кийбей, жылаңаяк эле мектепке келе берчү. Бирок ошол бала сабакты мыкты окучу. Айылда чоң тегирмен бар болчу. Кийин баягы бала ошону иштетип, ай сайын 1 каптан ун алып келип турду. Келген сайын «эжеке, мени окутканыңыз, бизге билим бергениңиз үчүн» деп турчу. 1954-жылкы окуучуларымдын арасында бир окуучу бар болчу. Ал менден 1 ай окуп, ошону менен келбей жок болуп кетти. Мен ошол окуучуну эле эстей берчүмүн. Эмнеге аны эстегенимди билбейм. Кийин пенсияга чыгып иштебей калганда, ошончо жылдан кийин баягы бала мени издеп, сураштырып үйүмдү таап келип калыптыр. Көрүшүп, учураштык, сүйлөштүк. Ал «Менин эсимден такыр кетпей койдуңуз. Сиздин өткөн сабактарыңызды унуткан жокмун. Аз болсо дагы санаганды үйрөнгөм, жакшы пайдубал түзүп берген экенсиз» деп отуруп кеткен.

Убагы келип пенсияга чыктым. Бирок өкүнүп жүрдүм. Бир кезде үйдө жалгыз отуруп алып, «бекер эле пенсияга чыктым, эми экинчи мектепке барбайм» деп ыйладым. Ошондо убакыт мага жетишсиз болгондой сезилип дагы кетчү. Себеби жумушка бир дагы жолу барбай коюп же сабагымды калтырганым болгон эмес. Такай эле окуучулар менен жүргүм келип, ушул кесиптин ээси болгом.

Жолумду жолдогон кыздарым бар. 3 кызым мектепти, университетти артыкчылык диплом менен бүтүрүп, учурда борбордогу орто мектептерде иштеп жүрүшөт. Жолдошум Токсоналиев Мүсүрапша башкарма болуп иштеп, мени колдоп турчу. 5 жыл мурун «Баатыр эне» наамын алдым. Тилекке каршы аны абышкам көргөн жок», - деди ал.

Мугалим апа 5 кыз жана 4 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×