Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусу, Ош 02.08.2019 14:56 На русском

Ошто 5 жаштагы кыздын боорунан 25 эхинококк ыйлаакчасы алынды

Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы
Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы

Turmush -  Ош шаарында операция учурунда 5 жаштагы кыздын боорунан 25 эхинококк ыйлаакчасы алынды. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кыялбек Ташполотов билдирди.

Кечээ, 1-август күнү Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына эхинококк оорусу менен жабыркаган 5 жаштагы кыз жаткырылган. Анын боорунун эки жагында 25ке жакын эхинококк ыйлаакчасы болуп, боорунун жарымынан көбү жабыркаган. Бейтаптын абалын текшерүүдөн өткөрүшүп, хирургдар ыкчам аракеттерди көрүшкөн. Оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Калдарбек Айбашов аталган оору боюнча буларга токтолду.

«Боордун жабыркап, эхинококк оорусуна чалдыгуусу бир гана чоңдордун арасында эмес, жаш балдардын арасында да кезигип жатканы өкүнүчтүү. Бизге келген баланын оорусун апасы жуунтуп жатып байкап калган. Боордун сыртындагы ыйлаакчалар теринин сыртынан да байкалган. Мындай ооруга чалдыкпоо үчүн дайым өздүк гигиенаны сакташыбыз зарыл», - деди К.Айбашов.

Кыялбек Ташполотовдун айтымында, азыркы мезгилде ар кандай оорулардын жайылышы аба ырайынан, тамак-аштан, ичкен суудан болуп жатат.

Эхинококк жугуштуу дарт. Анын жаш балдардын арасында жайылып жатышы дарыгерлерди тынчсыздандырып келет. Хирургдар башында эхинококк ыйлаакчаларын адамдын боорунан, өпкөсүнөн эле табышса, учурда мээден, жүлүндөн, жүрөктөн таап жатышканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×