Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.08.2019 13:40

Ак-Сууда 38 жылдан бери иштеп келе жаткан «Боз-Салкын» ансамбли наам алууга аракет кылууда

Turmush -  Ак-Суу районунда 38 жылдан бери иштеп келе жаткан «Боз-Салкын» ыр-бий ансамблине «Элдик ансамбль» наамын алууга аракеттер көрүлүп жатат.

Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Дүйшөкан Койгелдиеванын айтымында, «Боз-Салкын» 1981-жылы түзүлгөн.

«Эмгегибизди баалап, райондук администрация элдик наамын алууга Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуш берди. Биздин ансамбль 2011-жылга чейин элдик наамын алып жүргөн. 3 жылда бир наамга татыктуу экендигин тастыктап турушу керек болчу. Ортодо бул иш аткарылбай калып, наамсыз калган. Эми атайын министрликтен комиссия келип текшерип жатат. Биз наамды алууга аракеттерди көрүп даярдандык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×