Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.08.2019 11:02

Түптүн Чоң-Тогузбай айылында ашар жолу менен курулган мектепте оңдоо иштери жүрүп жатат

Turmush -  Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы мектепте оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу К.Карасаев айыл аймагынын башчысы К.Кайыков билдирди.

Анын айтымында, Кубанычбек Мамытов атындагы мектептин оңдоо иштери дем берүүчү гранттын эсебинен жүрүп жатат.

Мектеп директору Гүлайым Иманбетованын айтымында, мектептин 4 имараты болсо, анын негизги имараты 1968-жылы ашар жолу менен салынган. Имарат жыл өткөн сайын оңдоого муктаж болуп келген. Дем берүүчү грантка долбоор жазылып, жергиликтүү бюджеттен да каражат бөлүнүп, 3 млн 420 миң сомго оңдоо иштери жүрүп жатат. Ага улай мектептин алдында 650 чарчы метр аянтчага таман таш төшөлдү.

Аталган мектепте 250 окуучу билим алып, 20 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×