Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 05.08.2019 11:02 На русском

Тоодогу өрттүн ортосунда калуу: Өрт өчүрүүчү А.Кулматовдун ишиндеги кооптуулуктар (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 33 жаштагы тургуну Айбек Кулматов 13 жылдан бери өрт өчүргүч болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, мектепти аяктаган соң Талас шаарындагы айыл чарба техникумунун айыл чарбасын автоматташтыруу жана электрлештирүү бөлүмүндө билим алган. Ал жерде 1-курсту бүткөн соң аскерге кызмат өтөөгө кеткен.

«20 жашымда аскерден келген соң өрт өчүрүү бөлүмүнө ишке кирдим. Окуумдун аягына чыкпай калдым. Анткени мен бул жумушка келип, тартип менен иштеп калган соң өзүмдү айыл чарба багытында көрө алган жокмун. Учурда Талас шаардык өрткө каршы жана өрттөн куткаруу бөлүмүндө команда башчысы болуп эмгектенип жатам.

Жумушта жаңы келген учурлар эсиңде калат экен. Үстүнө чөп жыйылган 2 кабат сарайлар күйүп, ал жактын 1-кабатын өчүрүп жатсаң, үстү түшүп кеткен учурлар болду. Үйдүн ичинде өрт өчүрүп жатсаң чатыры кулап кетип, өмүрүңө кооптуулук жаралган учурлар көп болот. Өрт болуп жатканда өзүңдү жана жаныңдагыларды техникалык коопсуздукту сактоо менен гана куткарасың. Ал эми шалаакы мамиле кылсаң кооптуулук күч алат.

Жумушта эң эле эсимде калганы 2010-жылдагы окуялар болду. «Облустук администрация күйүп жатат» деген чакыруу болгон. Ал жакка биздин бир унаабыз кеткен. Артынан экинчи унаа менен бара жатсак, биринчи унаадагы кызматкерлерибизди эл сабап салышыптыр. Аны көрүп артка кайрылдык. Биздин бөлүмдү да өрттөйбүз деп адамдар келген. Чыксак эле ыргытылган таштар тийип жатты. Ошондой ызы-чуудан улам суу алууга дагы бекинип барып жаттык. Ошондо «Эмнеге бизди сабап, талкалап жатат? Биз эл үчүн иштеп жатабыз да» деп бир чети аябай таң калып, бир чети жаман болгом.

Былтыр Манас районундагы Кара-Арчада тоосунда өрт чыкты. Тоодо жүрүүнүн өзү эле кыйын. Ал эми күйүп жаткан тоодо жүрүү бир топ коркунуч жаратты. Ошондо өрт өчүрүп жатып, өзүбүз өрттүн ортосунда калдык. Биз өчүрүп келе жаткан аймактын, тескери багытынан өрт болуп, бизди каптап келе жатыптыр. Кайра өчүргөн жагыбыздагы сай менен айланып чыкканбыз.

Бир жолу Бакай-Ата районунда сууга бир адам чөгүп кетти. Куткаруу, издөө иштерине катыштык. Анын денеси суунун ортосундагы аралдай болгон жерде туруп калган экен. Ал жакка 3 ат менен өтүп, терең жерден өзүбүз агып кете жаздадык. Бирок денесин алып өтүп, туугандарына тапшырганбыз. Жумуш экен, өзүңө канчалык кооптуу болсо дагы ал ишти кыласың», - деди ал.

Куткаруучу жубайы экөө 3 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×