Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.08.2019 14:46

Айыл турмушу: Кара-Көлдөгү өтүкчү жубайлар кандай бут кийимдер сапаттуу экенин айтып беришти (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы жубайлар Октябрь Султанбеков менен Дилдекан Исакова көп жылдан бери бут кийим оңдоп иштеп жатышат. Turmush басылмасынын кабарчысы алардын иши менен таанышты.

Октябрь Султанбеков эл аны Өктөм деген ысым менен тааный тургандыгын айтты. 1979-жылдан бери бут кийим чыгаруучу ишканада иштеп, бут кийим оңдоону үйрөнгөн.

«Совет мезгилинде адамдар көзүнө эмне көрүнсө ошону ат кылып кое беришкен (күлүп). 7-октябрь майрамында төрөлгөм. Апам ошол майрамдын урматына мага Октябрь деп ат коюптур. Жаш кезимде «декабрь, январь» деп тамашалашса да көңүл бурчу эмесмин. Эр жеткенде аскердик кызмат өтөөгө кеттим. Ал жакта да командирим «январь, февраль» деп чакырчу. Аскерден келгенден кийин кыздар менен же бирөөлөр менен Октябрь деп таанышсам ноябрь деп тамашалай беришкенинен өзүмө Өктөм деген каймана ат ыйгарып алдым. Паспорттогу атым — Октябрь. Учурда эл арасында Өктөм деген ат менен жүрөм», - деди ал.

Өтүкчү өзү бут кийим оңдоо жаатында 30 жылдан ашык, жубайы Дилдекан айым 19 жылдан бери иштеп келе жатышат.

«Азыркы бут кийимдер Кытайдан же Түркиядан келип жатканы белгисиз. Аларды сатып кийгендер тез эле жабыштырылган жери чыгып кеткенинен улам оңдоого алып келет. Биз аны желим менен жабыштырсак араң 1 ай кийишет. Андан ары тигип же мык менен кагып чыгууга туура келет. Мурун совет мезгилинде желимдер абдан сапаттуу эле. Бут кийимдин чыгып кеткен жерлерин жабыштырганда көпкө чыдап, кээде ошол бойдон жыртылып ыргытылчу. Азыр желимдер да сапатсызбы деп ойлойм. Азыркы бут кийимдерди сатып алып, 30-35 градус ысыкта асфальтта 1-2 саат кийип көрсөңөр жабыштырылган жерлери тез эле ажырап, кээ биринин таманы ээрип кетиши мүмкүн.

Бут кийим сатып алуучулар алгач анын таманынын сапатуулугуна көңүл бурушу керек. Мисалы «гелевый» тамандуу бут кийим кымбат болот. Аны 2 жыл кийсе болот. Бут кийимдин узак кызмат кылышы анын таманына байланыштуу болот. «Гелевый» таман жумшак, ийкемдүү жана асфальтта басканда сынып калбайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×