Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАт-Башы району 05.08.2019 16:00

«Ат баса албай калган карда тоого каттап иштедик»: Ат-Башыда карышкыр менен арбашкан дарыгер Ш.Мамбеткадырова (сүрөт)

Turmush -  68 жаштагы Шайырбүбү Мамбеткадырова Ат-Башы районунда 45 жылдан бери балдар дарыгери болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башынын Жаңы-Күч айылында туулган. 1967-жылы Ат-Башы айылындагы мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын 1974-жылы бүтүп келген. Эмгек жолун неонатолог болуп иштөө менен баштаган. Кесиби боюнча педиатр, бирок дарыгерлердин жетишсиздигинен неонатолог болуп дагы эмгектенет. Жолдошу Базарбек Кабылов хирург.

«Союз убагында көп чабандар бар болчу. Жаштыгым Ак-Сай өрөөнүндө өттү десем болот. 1991-жылы Ат-Башы райондук оооруканасынын балдар бөлүмүнө башчы болуп келдим. Азыркы күнгө чейин ошол жерде эмгектенем. Төрөт бөлүмүндө дарыгер жоктугуна байланыштуу неонатолог болуп дагы иштеп жатам.

Ак-Сайда жолдошум экөөбүз эле иштеп калдык. Тянь-Шянь, Ат-Башы райондорундагы элди тейледик. Жайкысын биз карай турган адамдардын саны 10 миңге чейин жетчү. Күнү-түнү унаа менен жүрчүбүз. Чакыруулар көп болчу. Нечендеген боюнда бар аялдарды талаада, суунун жээгинде, ооруканага жетип, кээде жетпей төрөттүм. Андан сырткары балдарга эмдөөлөрдү бүт өзүм жасачумун. Ак-Сайда ар бир кыштоонун ортосу 30-40 км. Ооруп калса айттырганга унаа жок болуп калчу. Бирөөнөн экинчисине угулуп отуруп бизге жетчү.

Ак-Сай өрөөнүндө Ак-Жар деген айылдын Ак-Таш деген кыштоосу болор эле. Чабандын аялы баспай калды деп чакыруу айтылыптыр. Ошол жакка бара жатсам кар калың жаап, күрткү болуп, унаа жүрбөй токтоп калды. Айдоочу «Чабандын үйү бир тумшуктан имерилген жерде эле экен. Жөө барып кел, унааны буруп турайын» деп калды. Мен чемоданды астыга ыргытып ийип, күрткүдөн жөрмөлөп кетип бара жатсам, маңдайымда бир ит туруптур. Карышкырды көп эле жолу көргөм, бирок карышкыр деп ойлогон жокмун. Чабандын үйүндөгү ит тура деп аны көздөй жөрмөлөсөм эле аркамдагы айдоочу кыйкырып калды. «Ал, ал» дейт, мен итти мага тукуруп жатабы деп ойлодум. Бир маалда 4-5 итти ээрчитип чабан чыкты. Анын иттери үрүп эле калды. Баягы мени карап турган ит өйдөлөп жылып кетти. Көрсө ал карышкыр экен. Карышкыр менин маңдайымда 15 метрдей эле калган. Карышкырдын маңдайында 15-20 мүнөттөй тиктешип турдук. Ошол кезде чабандар көгүш иттерди көп багар эле. Карышкырды көп көрүп жүргөн адам эле айырмалай албаса биздей адамдар айырмалай албайт.

Калыңдыгы тизеден өткөн күрткүдөн баса албай калгам. Кийин айдоочу «карышкырды канча көрсөтсөм деле тааныбай койдуң, аз жерден жарып кете жаздабадыбы» деп урушту. Аялдын үйүнө барып жардам көрсөтүп, кайра унаага калың кардан жөрмөлөп жатып келдим. Кардын калыңдыгынан ат баса албай койду.

Мындан да оору толготкон аялдарды чана менен сүйрөп алып келгенибиз болгон. Балдар ооруп калса жатып калып дарылаган күндөр болду», - деди ал.

Дарыгер азыр медицинада баары жеңилдегендигин белгиледи.

«Жолдошум дагы хирург. Экөөбүз эриш-аркак болуп, чабандарды тейлеп 7 жыл иштедик. Союз убагында талап аябай күчтүү болчу. Бейтаптардын колунун учунан кан алып, гемоглабинин текшерип, белок бар же жок экенин заарасын отко кайнатып билчүбүз. Азыр болсо баары жеңилдеди», - деди ал.

Дарыгер айым 4 уулдун, 10 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×